• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат: Согуш ардагерлерине Жеӊиш майрамында эле эмес, такай көӊүл буруш керек

Коом 0

Бишкек. 02.05.19 /Кабар/. Жакын арада Жеӊиш майрамын белгилегени турабыз. Тилекке каршы, Улуу атамектендик согуштан жана ага теӊдештирилген ардагерлердин саны улам азайып барат. Ошондуктан, аларга жакшылап көӊүл буруп, алардын эрдигин баалай билишибиз керек. Бул тууралуу депутат Бакирдин Субанбеков Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

«Согуш ардагерлерин жылыга Жеӊиш күнү менен куттуктап, колдон келген жардамымды берип келем. Мисалы, Кара-Балта шаарында былтыр 20 ардагери бар эле, быйыл 17 гана ардагер калыптыр. Алардын басымдуу бөлүгү өз алдынча баса албайт. Биз аларга Жеӊиш майрамында эле эмес, такай көӊүл бурушубуз керек», - деп, депутат өз кесиптештерин Жеӊиш күнүндө ардагерлерди сыйлоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий