• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Сулайманов: Чөөлөр Мамлекеттик резиденцияны эркин аралап жүрөт

Коом 0

Бишкек. 07.03.19 /Кабар/. Азыркы учурда чөөлөр айылга, алтургай, Бишкектеги Мамлекеттик резиденциянын өзүнө чейин түшүп келип, ээн-эркин аралап жүрөт. Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ар атылган карышкыргы 6 миӊ сом, чөөгө 2 миӊ сом төлөнөт экен. Мамлекеттик органдар аӊчылардан ар кандай болбогон кагаздарды талап кылып жатып, чөөлөр таптакыр унутта калды. Азыркы учурда алардын саны дагы көбөйдү, алардын адамдар менен малга тиш салуусу да күчөдү. Алардын улуганын өкмөт башчыс деле угуп жатса керек.

"Аркандай бюрократиялык ашыкча тоскоолдуктардан улам, чөө аткан аӊчылар акчасын алалбай жүрөт, кызыкдар деле болбой калышыптыр. Аӊчылардын айтымында, азыр чөөлөрдүн саны 25 пайызга көбөйдү. Өткөн жылы 50 млн сомдук чыгым келтирди, ал эми Өкмөт аларды атууга 6 млн сом бөлгөн. Чөө өтө амалкөй жырткыч, аны атуу кыйын. Ошондуктан, тоскоолдуктарды жоюп, атууга бөлүнгөн каражатты көбөйтүп, атылган чөөнүн баасын карышкырга теӊөө керек", - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий