• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат Сулайманов: Конституцияны дагы өзгөртүү жөнүндө сөз жүрүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 31.01.19 /Кабар/. Ушу тапта Конституцияны өзгөртүү жөнүндө сөз жүрүүдө. Анын артында кайсы бир күчтөр бар экени көрүнүп турат. Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анын пикири боюнча, баш мыйзам 9 жолу өзгөртүлүптүр, дагы качанга чейин өзгөртө беребиз? Буга чейинки конституциялык өзгөртүүлөр ар дайым бир эле максатты – бийлик рычагын бекемдөөнү көздөп келген. Анын айынан эки жолу революция болду.

"Менимче, Конституцияны өзгөртүү туура эмес. Референдумда элибиз парламенттик башкаруу жолун колдогон, анын эркин сыйлашыбыз керек", - деди Сулайманов.

Депутат кошумчалагандай, Конституция жоболоруна ылайык, Жогорку Кеӊешке көптөгөн ыйгарым укуктар берилген. Мисалы, парламент мамлекеттик бюджетти бекитет. Президент ага өзгөртүүсүз эле кол коюп жатат. Жогорку Кеӊештин 80 жылдык маарекесине арналган иш-чарада "Легендарлуу парламенттин" спикери Медеткан Шеримкулов Конституция өзгөртүүлөрдү киргизүү эртелик кыларын айткан болчу, мен ага кошулам.

"Биз Баш мыйзамдын иштешин камсыз кылышыбыз керек. Ал эми көмүскө күчтөр эл арасын дүрбөткөндү токтотсун", - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий