• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Сурабалдиева пара талап кылган автоинспекторлорго каршы катуу чара көрүүгө чакырды

Коом 0

Бишкек. 16.05.19 /Кабар/. Депутат Элвира Сурабалдиева пара талап кылган автоинспекторлорго каршы катуу чара көрүүгө чакырды. Мындай пикирин ал парламенттин жыйынында билдирди.

Бул маселе боюнча ойюн улантып, жол коопсуздугун сактайтай турган кызматкерлер жана бажычылар тууралуу мисал келтирди.

Анын айтымында, «Манас» аэропортунда айрым бажычылар ушунчалык кыйын болуп калышыптыр, жүргүнчүлөрдүн колундагы сааттын контрафактылык буюм экенин алыстан карап туруп эле аныктап, аны чечтирип алып текшерип, алардан «бирдеме» үмүт этет экен. Бирөөнүн колундагы сааттын жасалма же жасалма эмес экенин көзболжол менен кантип аныктай алат?

Эл өкүлүнүн пикиринде, Кыргызстанга күнүгө миӊдеген туристтер менен коноктор келип жатат, аларга ушундай мамиле жасаганыбыз туура эмес. Өкмөт андай «көрөгөч» бажычыларга карата тийиштүү чараларды көрүшү керек, деген пикирин айтты.

«Алар (автоинспекторлор) айдоочуларды ар кандай шылтоо менен токтотуп алышып, ичкилик ичкенин-ичпегенин аныктайм деген шылтоо менен, бир сааттык алыс жолдо жайгашкан станционардык наркологиялык мекемеге алпарам, андан көрө убара болбой ушул жерден эле «чечишип алалы» дегендей шарттарды коюшат экен. Алкоголдук ичимдикке тесттик жабдуулар алардын жанында болушу керек да», - деген ойдо эл өкүлү.

«Мындай немелерди жол коопсуздугун сактоо кызматына жолотпош керек», - деп кошумчалады депутат.

Пикир

Оставить комментарий