• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат Төрөбаев: Чек арадагы талаш-тартыштарды дипломатиялык жол менен чечиш керек

Коом 0

Бишкек. 15.03.19 /Кабар/. Чек ара аймактарындагы талаш-тартыштарды дипломатиялык жол менен гана чечилиш керек. Бул тууралуу «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев фракциянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын коӊшу өлкөлөр менен чектешкен жерлериндеги, анын иичинде кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган талаштуу участкаларды делимитациялоо дана демаркациялоо жаатындагы жумуштар кечеӊдеп жатат, тийиштүү чаралар өз деӊгээлинде жасалган жок.

Өкмөт жана өкмөттөр аралык комиссиялар бул багытта көрүлө турган чараларды тездетиши керек, деп кошумчалады депутат.

"Акыркы 6 жыл аралыгында эле кыргыз-тажик чек арасында курал-жарак колдонулган 10 жаӊжалдуу окуя болду", - деди ал.

Анын пикиринде, мындай кырдаалга өз маалында маани берилип, чек ара аймактарындагы талаш-тартыштар дипломатиялык жол менен чечилүүгө тийиш.

"Мен өкмөт башчы менен кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча сүйлөштүм. Ушу тапта вице-премьер-министр менен ички иштер министри андагы абал менен жеринен таанышып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тажик тарап дагы тийиштүү чараларды көрөт деген ойдобуз", - деди фракция башчысы.

Эскерте кетсек, 13-март күнү саат 15:30 Кожогар аймагында Баткен облусунун Аксай айылы менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби Баткен облусундагы Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу болгон.

Эки өлкөнүн чек арасында 200гө чукул адам чогулуп, кайым айтышуулардан кийин бири-бирине таш ыргыта баштаган. Окуя жерине эки өлкөнүн чек арачылары келип, чырды токтотуп калышкан.

14-март күнү да чек арада кайра чыр чыккан.

Учурда, маселени чечүү үчүн эки кошуна мамлекеттин бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий