• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат Т.Конушбаев Суусамыр айыл аймагынын тургундарын жаңы жыл майрамы менен куттуктап келди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.12.17 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Жайыл районундагы кышы катаал Суусамыр айыл аймагынын тургундарынан кабар алып, аларды жаңы жыл майрамы менен куттуктап келди. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Он беш жылдан бери аталган айыл аймакка каржылык колдоо көрсөтүүнү адатка айланткан депутат жыл соңунда да майрамдык маанай тартуулады. 21-22-декабрь күндөрү аймактагы беш айылдын эли менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрү жана маселелери менен таанышты. Андан тышкары, Суусамыр айыл аймагына караштуу беш мектептин мугалимдери менен окуучуларына, оорукана жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине, ошондой эле саламаттыгынан жабыркаган жарандарга жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Мектеп окуучулары менен болгон жолугушуу учурунда Тынчтыкбек Конушбаев аларды жакшы билим алууга үндөп: “Терең билим, талыкпас изденүү өзүңөрдүн өсүшүңөргө гана өбөлгө болбостон, өлкөбүздү сыймыктандырган инсан болуп калыптанышыңарга шарт түзөт. Андыктан, мектептен татыктуу билим алып, келечекке бекем пайдубал курууга аракет кылгыла”, – деди.

Кошумчалай кетсек, депутат Тынчтыкбек Конушбаевдин колдоосу менен Суусамыр айыл аймагында жыл сайын “Жыл мугалими”, “Акыл Ордо”, “Парламент сүйлөйт” сыяктуу бир катар иш-чаралар уюштурулуп, байге катары унаа, эс алууга жолдомо, тиричилик буюмдары жана акчалай белектер тапшылып келет.

Пикир

Оставить комментарий