• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Депутат Тазабек Икрамов күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде коло утту. Видео

Спорт 0


Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Грузиядагы ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынды. Мелдештеги тасма Бириккен күрөш уюмунун Youtube порталына жарыяланды.

Биринчилик Тбилиси шаарында 13-октябрга чейин уланат.

45 жаштагы Тазабек Икрамов 70 кг салмак ченинде катышкан. Алгачкы каршылашы венгриялык Золтана Шоллени жеңип чыккан. Андан кийин Финляндиядан келген балбан Раймо Лехтодон күчтүү экенин далилдеген.

Жарым финалда ирандык Азад Алимохаммадпурдан жеңилип калган. Ал эми, үчүнчү орун үчүн болгон кармашта түркиялык Орхан Тикачты жеңип, биринчиликтин коло медалын тагынды.

Пикир

Оставить комментарий