• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек арага жакын жерлерди, үйлөрдү коңшу өлкөлөрдүн жарандары сатып алууда - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 03.04.19 /Кабар/. Чек арага жакын жер тилкелерин, үйлөрдү коңшу мамлекеттин жарандары сатып алып жатат, - деп билдирди парламенттин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев.

"2010-жылдан бери Баткен районундагы эле Таш-Тумшукта 103 үй 43 коңшу өлкөнүн жарандарына сатылган. 67 жер тилкеси кетти. Андан сырткары Көк-Ташта 28 үй жана 62 участок. Жеке-Өрүк айылында жана Ак-Сайдын жанында – 37 үй курулду", - деди депутат.

"Лейлек районунда: Максат айылында 31 гектар өттү, Саада айылында – 9 гектар, Кулуңдуда – 28 гектар. Биздин 620 гектар жайытыбызды тажиктер колдонушат, биз болсо алардын 160 гектарын гана колдонуп келатабыз. Качанкыга чейин биз өзүбүздү жана элибизди коркутуп отура беребиз. Эгер биз коркок болсок, чечкиндүү кадамдарга бара албасак, келгиле анда жок дегенде социалдык маселелерди чечели", - деп кошумчалады Таабалды Тиллаев.

Депутаттын айтымында, Баткен облусундагы Ак-Сай, Көк-Таш айылынан ары 200 миң адам жашайт. Кечээги акыбал көрсөттү, биздин районубуз анклав сыяктуу абалда калып калды.

"Бул да биздин мурдагы чиновниктерибиз кандай чебер сүйлөбөсүн, бирок ал кол койгон документтери мамлекет үчүн чыккынчылык деп ойлойм. Ошондуктан укук коргоо органдары буга юридикалык баа бериш керек. Биздин кыргыз жерин кантип өзүбүз кайра ижарага алабыз? Кыргыз жеринде куруп аткан жолду кантип бул жол эч кимге таандык эмес деп кол коебуз? Кыргызстандагы жолду кантип тиги же бул мамлекетке таандыгы жок дейбиз? Бул туурабы же туура эмесби? Укук коргоо органдары юридикалык баа бериш керек", - деди Таабалды Тиллаев.

Белгилей, кетсек, Жогорку Кеӊеш жыйынында "Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2019-жылдын 13-мартында болуп өткөн инцидент боюнча өкмөттүн маалыматы жөнүндө" Жогорку Кеӊештин токтом долбоору жабык каралууда.

Пикир

Оставить комментарий