• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Депутат Тиллаев: Илимий кызматкерлер алган 4 миӊ сом маяна менен жашоого болбойт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Азыркы учурда илимий кызматкерлер алган 4 миӊ сом маяна менен жашоого болбойт, окутуучулардын эмгек акысы да көтөрүлгөн жок. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчету угулуп жатканда депутат Таабалды Тиллаев билдирди.

Тиллаев бюджетте Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүүгө 256 млн сом өлчөмүндө кошумча каражат каралганын эске салып, бирок алардын маянасы азыркыга чейин көтөрүлө электигин белгиледи.

“Азыркы учурда илимий кызматкерлер алган 4 миӊ сом маяна менен жашоого болбойт. Жогорку окуу жайларынын окутуучулары менен кенже тейлөө кызматчыларынын эмгек акысы да көтөрүлгөн жок”, - деди ал.

Премьер-министр Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин эмгек акысы апрель айынан тарта 30 пайызга көбөйтүлө турганын билдирди. Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева азыр бул маселе боюнча долбоор даярдалып жатканын кошумчалады.

Ал эми билим берүү министри быйыл 5 катмардагы кызматкерлердин маянасы көбөйтүлөрүн белгиледи. Алардын арасында 77860 мугалим, 4694 тарбыячы, 3680 өндүрүш устаты, 7427 орто окуу жайынын окутуучусу, 23000 административдик кызматчылар бар.

Пикир

Оставить комментарий