• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат Тиллаев тармактык комитеттин төрагалык ыйгарым укуктарын токтото турганын билдирди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев спикердин атына тармактык комитеттин башчылык ыйгарым укуктарын токтото тургандыгы тууралуу кат жолдоду. Бул тууралуу депутат комитеттин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, Бюджет жана финансы боюнча комитетти оппозициянын өкүлү жетектөөгө тийиш. «Жакында «Республика – Ата Журт» фракциясы парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамына кирди. Мен ошол фракциянын мүчөсү болгондуктан, өз ыйгарым укуктарымды тапшыруу чечимине келдим», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий