• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Депутат Токтошев: Бензиндин дүң жана чекене баасындагы айырма 20% ашып кетти

Коом 0

Бишкек, 28.02.19 /Кабар/. Өлкө аймагында сатылып жаткан бензиндин дүң жана чекене баасынын ортосундагы айырма 20 пайыздан ашып кетти. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысынын айтымында, ал айрыма 10 пайыздын тегерегинде экен. Эгер андай болсо, бензиндин чекене сатык баасы 30 сомдон ашпоого тийиш", - деди депутат.

"Жазгы талаа жумуштары башталып калды. Биз дыйкандар үчүн күйүүчү майдын баасын арзандата албай отурабыз. Бензиндин баасындагы айырма өтө чоң болуп жатпайбы. Андан кимдер пайда табышат, аны көрүп турабыз. Мен бул маселе боюнча Антимонополиялык агенттикке кайрылгам, эмдигиче жообу жок, ал өз милдетин аткарбай калды, өкмөт тийиштүү чараларды көрүшү керек", - дейт Токтошев.

Пикир

Оставить комментарий