• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды колдонууга тыюу салууну сунуштоодо

Коом 0

Бишкек, 31.12.18. /Кабар/. Коомдук талкууга «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору чыгарылган.

Мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Жыргалбек Турускулов.

Негиздеме катында көрсөтүлгөндөй, ушул мыйзам долбоору суу биологиялык ресурстарды, алар жашаган чөйрөнү сактоо жана Кыргыз Республикасында жагымдуу курчап турган чөйрөнү камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.

Азыркы учурда КРнын мыйзамдарында суу биологиялык ресурстарды балык уулоочу синтетикалык торлор жана электр менен кармоочу тутумдар менен кармоо чектелбейт. Балык уулоочу торлор даярдалган синтетикалык материалдар бекем жана узак мөөнөттүү болуп саналат жана сууда иш жүзүндө чирибейт, бул болсо алардын көлдөрдө жана башка суу объекттеринде топтолушуна алып келүүдө. Буга байланыштуу КРнын көлдөрү жана башка суу объекттери синтетикалык материалдардан жасалган эбегейсиз зор сандагы торлор менен булганууда. Мындай торлордо балык, ошондой эле сууда сүзүүчү канаттуулар чырмалып жана өлүп калат, ушундан улам көлмөлөр жана көлдөр торлорго чырмалып калган балыктар үчүн кадимки көрүстөнгө айланууда. Мында балыктын чиригинен чыккан сасык жыт айланада алыска тарайт, бул ошондой эле көлдөрдүн жана суу объекттеринин бузулушуна алып келүүдө, бул болсо бүткүл Кыргызстан үчүн экологиялык кырсык болуп саналат.

Абал узундугу 100 метр болгон балык уулоочу синтетикалык торлор Кыргыз Республикасында орточо 300 сом тургандыгынын жагдайы менен татаалданууда. Мындай арзанчылык браконьерлик үчүн балык уулоочу синтетикалык торлордун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, ошонун өзү менен браконьерликке жол ачып жана курчап турган чөйрөгө жана суу биологиялык ресурстарга келтирилүүчү зыянды тереңдетип жатат. Балыкты синтетикалык торлор менен мыйзамсыз кармаган адамдар аларды көлдөрдөн жана суу объекттеринен алып коюуга көп учурда убара болгусу келбейт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар браконьерлик фактысын табат деген коркунуч келип чыккан учурда аларды ошол жерге таштап салышат. Балык уулоочу синтетикалык торлор арзан гана эмес, ошондой эле ыңгайсиз болуп саналат жана көп учурда айрылып жана чачышып калат, мындай учурларда торлорду эч ким көлдөн жана башка суу объекттеринен алып чыкпайт жана алар ошол жерде кала берет.

Электр менен кармоо тутумдары аркылуу балыкты жана башка суу биологиялык ресурстарын уулоо кубаттуу электр разряддарынан улам суу биологиялык ресурстары үчүн болуп көрбөгөндөй кырсыктарды алып келет. Ошентип, балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды колдонуу өлкөнүн курчап турган чөйрөсүнө жана суу биологиялык ресурстарына эбегейсиз зор зыян алып келет.

Өлкөнүн аймагына арзан балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды эркин алып келүүнүн жана аларды базарларда жана дүкөндөрдө тоскоолдуксуз сатуунун шарттарында браконьерликке каршы күрөшүү оң натыйжа бере албайт. Алсак, жыл сайын өлкөдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар браконьерлердин ондогон километрлер менен өлчөнүүчү балык уулоочу торлору суудан алынат.

Мисалга алсак, 2016-жылдын 18-декабрында Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн браконьерликке каршы күрөшүү боюнча бир рейдде гана көлдөн 11 километр балык уулоочу синтетикалык торлор алынып чыккан. Ушундай шарттарда суу биологиялык ресурстарды, алар жашаган чөйрөнү сактоонун алда канча алгылыктуу ыкмасы болуп Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга толук тыюу салуу саналат.

Мыйзам долбоорунда юридикалык мааниге ээ болгон түшүнүктөрдү ачып көрсөтүү сунуш кылынат. Алсак, «балык уулоочу синтетикалык торлор», «электр менен кармоочу тутумдар» түшүнүктөрү киргизилет, бул укуктук жөнгө салуунун чектерин так белгилөөгө мүмкүндүк берет.

Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салууну белгилейт жана аларды укуктук жөнгө салуу тартибин, шарттарын аныктайт.

Мыйзам долбоорунда ошондой эле ушул мыйзамды колдонуу чөйрөлөрү жана бул мыйзамды бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги белгиленет.

Ыктымалдуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттер. Бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Экология маселелери жагынан курчап турган чөйрөгө жүктү азайтуу, суу биологиялык ресурстарды сактоо сыяктуу оң натыйжалар күтүлүүдө.

Мыйзам долбоорунун шайкештигин талдоо. Сунуш кылынган КРнын Мыйзамынын долбоору колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, ошондой эле белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт.

Финансылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат. Сунуш кылынып жаткан Мыйзамдын ченемдерин ишке ашыруу бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.

Ишкердик ишти жөнгө салуучу таасирди талдоо жөнүндө маалымат. Жумушчу топ жөнгө салуучу таасирди талдоону жүргүзүп жатат, анын натыйжалары берилет.

Пикир

Оставить комментарий