• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат Тулендыбаев кыргыз элинен кечирим сурап, Гимнди мындан ары кынтыксыз аткарууга милдеттеме алды

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Пархат Тулендыбаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнин туура эмес аткарып алгандыгы үчүн расмий түрдө кечирим сурады.

“Гимн - кыргыз элибиздин башкы мамлекеттик символдорунун бири. Анда биздин байыркы тарыхыбыз, эркиндикке болгон мүдөөбүз жана жаркын келечекке карай умтулуубуз туюнтулган. Гимнди эгемен өлкөбүздүн ар бир атуулу билүүгө милдеттүү. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Гимнибизди жаңылыш аткарып алганым үчүн кыргыз элимден башымды ийип кечирим сурайм жана абдан өкүнгөнүмдү билдирем. Ошондой эле Гимнибизди мындан ары кынтыксыз аткарууга милдеттеме алам”, - дейт эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий