• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат туруктуу багууга муктаж балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө демилгесин көтөрүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште “Туруктуу багып-тарбиялоого муктаж ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндө” токтомдун долбоору каралды. Демилгечи – депутат Мирлан Бакиров,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Демилгечи токтомдун долбоору Өкмөт тарабынан бул маселе боюнча жобону даярдоону тездетүү максатында иштелип чыкканын белгиледи. “Өлкө аймагында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 172,8 миң адам жашайт, алардын ичинен балдардын саны 29 миңден ашык. Медициналык-социалдык комиссиясынын корутундусуна ылайык, 6 миңге жакын бала дайыма бөлөк адамдын багуусуна муктаж”, - дейт демилгечи.

Баяндамачы көпчүлүк учурларда андай балдарды ата-энелеринен жана жакындарынан башка эч ким багып бере албай турганын кошумчалады. “Алар андай балдарды багууга көп убактысын жумшайт. Социологиялык иликтөөлөргө караганда, суткасына 12 көп саат талап кылынат. Көптөгөн ата-энелер пенсиялык жана медициналык камсыздандыруудан сырткары калууда. Алардын маянасы жашоо минимумунан төмөн болбоого жана эмгек стажысына кирүүгө тийиш”, - деди демилгечи.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова ушу тапта туруктуу багууга муктаж балдарды баккан адамдардын эмгек стажысы эсептелип жатканын, бирок каржы тартыштыгына байланыштуу аларга эмгек акы төлөнбөй турганын билдирди.

Каржы министрлигинин эсептөөлөрүнө караганда, азыркы жашоо минимуму 4794 сом болсо, анда жалпысынан 450-470 млн сом талап кылынат, бирок ал 2018-жылдын бюджетинде каралган эмес. Министрдин орун басары бюджеттен 375 млн сом өлчөмүндө кошумча каражат караштырууга убада берди.

Бир катар депутаттар бир топ депутаттар өкмөт өкүлдөрүн кошумча каражат булактарын таап, туруктуу багууга муктаж балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө маселесин тездетип чечүүгө чакырды. Депутат Таабалды Тиллаев андай адамдарды жеӊилдетилген насыя менен камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми мындай токтом буга чейин деле кабыл алынганын, ал аткарылбай келгенин эске салган депутат Иса Өмүркулов бул маселени дагы дыкат иликтеп чыгып, мыйзам түрүндө бекитүү керектиги тууралуу пикирин айтты. Аны депутат Сайдулла Нышанов да колдоду.

“Туруктуу багып-тарбиялоого муктаж ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндө” токтомдун долбоорун талкуулоо жол-жоболору парламенттин кезектеги жыйынында улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий