• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Депутат Тышкы иштер министрлигинин чыгымдарын кыскартпоого чакырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев 2021-жылы Тышкы иштер министрлигинин бюджетин кыскартпоого чакырды. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Депутат ТИМдин чыгымдарын кыскартууда бир нерсени эске алуу керектигин айтат. "Дипломаттар үчүн турак-жайды ижарага алуу жана медициналык камсыздандырууну сатып улууга каражат жумшалат. Чет өлкөлөрдө бизде кризис болуп жатканын билишпейт", - дейт ал.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков бул маселе боюнча ТИМ менен талкуу болуп жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий