• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Депутат “Учкун” басмаканасы 2012-жылы жараксыз күбөлүк чыгарганын эске салды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. КСДП парламенттик фракциясында мамлекеттик маанидеги документтердин даярдалышы жана жайгаштырылышы жөнүндө мамлекеттик органдар менен мекемелердин маалыматы угулуп жатканда, депутат Элвира Сурабалдиева 2012-жылы “Учкун” басмаканасында жараксыз балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү басылганы боюнча чатак чыкканын Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнүн эсине салып, ал документтин канча нускада басылганына кызыкты.

“Учкун” басмаканасынын жетекчиси Кубат Бейшеев 40 миӊ нуска күбөлүккө тапшырык келгенин, бирок ал толугу менен басылбай калганын билдирди. “Ал техникалык брак болчу. Тапшырык наркы 580 миӊ сомго түзүлгөн. Басмакана бланкты “Триада принт” компаниясынан алган эле. Чыгым орду толтурулган”, - дейт ал.

Сөзгө аралашкан депутат Рыскелди Момбеков брак күбөлүктөрдү чыгарууда мамлекетке чыгым келтирилбегенин айтты. Мындай жоопко макул болбогон депутат Элвира Сурабалдиева басмакана чыгым орду толтурулганы менен, жарандар бир топ убара болгонун, ал дагы зыян тартууга кире турганын белгиледи.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Күмүшбек Шамканов айрым жарандар зыян ордун толтуруу доосу менен сотко кайрылганын, ушу тапта 28 миӊ бракка чыгарылган күбөлүк алмаштырылганын кошумчалады.

Эске салсак, Башкы прокуратура ИИМ менен бирге текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында 2017-жылдын 30-мартында ошол кездеги вице-премьер-министр, азыркы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевге Кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча (кызмат абалынан пайдалануу) кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий