• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат улуттук авиакомпанияны түптөө сунушун айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев ата мекендик өндүрүштү колдоо маселесин көтөрүп, эгемендүүлүк алганга чейин иштеп турган завод-фабрикалар жабылып калганын эске салды.

Муну менен катар улуттук авиакомпанияны кайрадан түзүү сунушун берди.

“Өлкөбүздө монополистке айланган эки гана авиакомпания иш алып барат. Тилекке каршы, мамлекетибизде учактардын жетишсиздиги чоң көйгөй. Андыктан тийиштүү жетекчилерге тапшырма берип, улуттук авиакомпаниябызды кайрадан түптөйлү. Аймактарда да аба майдандары курулууда. Элибиз муктаж болуп турган ички каттамдарды камсыздоо максатында учактарды сатып алалы. Анткени, өзгөчө кырдаалдарда учактын жоктугу жарандарыбызга ыңгайсыздык жаратып, ал тургай президентибиз да иш сапарларына ижарага алынган учак менен учууда”, – деди депутат.

Ошондой эле аба каттамы кирешелүү тармак экенин белгилеп, аталган маселе боюнча изилдөө жүргүзгөнүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий