• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат: Уран казылып жатканын уккан туристтер Ысык-Көлгө кайра келер-келбесин кудай өзү билет

Коом 0

Бишкек. 04.04.19 /Кабар/. Уран казылып жатканын уккан чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көлгө кайра кайтып келер-келбесин бир кудайдын өзү билет. Бул тууралуу депутат Алтынбек Жунус уулу Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар митингге чыгып, Кызыл-Омпол жергесинде казылып жаткан уран кенин жабуу талабын коюуда. Эми кочкорлуктар чыкканы турат.

Депутаттын маалыматы боюнча, комиссия кен жаӊы технологиянын жардамы менен казылып жатыптыр, анын айлана-чөйрөгө зыяны жок деген тыянак чыгарыптыр.

Ушу кантип болсун, уран казылып жатса, анан кантип анын зыяны болбойт? Кандай гана болбосун, радиациянын фону жогорулабай койбойт да, – деди депутат.

"Балыкчы шаары уран кенинен 20-25 чакырым аралыкта турат. Ал жерде кандай катуу шамал болорун жакшы билесиздер, радиацияны дароо жеткирет. Уран казылып жатканын уккан чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көлгө кайра кайтып келер-келбесин бир кудайдын өзү билет. Кайсы бир ишкананын утурумдук кызыкчылыгы үчүн экологиялык алааматка кабылбасак болгону. Өкмөт маанилүү маселеге көӊүл буруп, ал ишкананын эл аралык уюмдардан алган уруксаты бар-жок экенин текшерип, тийиштүү чараларды көрүшү керек", - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий