• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат «Ысык-Көл» мейманканасынын имаратына өкмөттүн аппаратын көчүрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Башкы прокуратурасынын өрттөнүп кеткен имараты менен иштебей калган «Ысык-Көл» мейманканасы 10 жылдан бери каралбай калды, алардын азыркы абалы кандай? Ал имараттар биздин чарбасыздыгыбыздын эстелиги катары калдайып катып турат. Эмне ордо калаанын кожоюну жокпу? Бул тууралуу депутат Экмат Байбакпаев Жогорку Кеӊеш жыйынында ушундай собол салды.

«Бишкек шаарынын четиндеги «Ысык-Көл» мейманканасынын имаратына караштуу 3 гектар жери бар, анда Өкмөттүн аппаратын жайгаштырса, шаардын жолдорундагы автотыгындар кыйла азаймак. Имараттарды пайдаланыш керек да», - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий