• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Жамангулов: «Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду баштагы алган багытынан тайды»

Коом 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду ачылганда ишкерлер абдан сүйүнгөн. Андан бери 3-4 жыл өттү. Азыр андан жеӊилдетилген насыя алуу аймактардагы бизнесмендер менен өндүрүүчүлөр үчүн чоӊ көйгөйгө айланды. Өкмөт бул маселени оӊ жагына чечпесе болбойт. Кыргыз ишкерлери арызданып жатышат. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алуу өзүнчө эле чоӊ түйшүккө айланып калды. Насыя алуу жол-жоболору татаалдашып, бюрократиялык тоскоолдук арбыды. Депутаттар фонддун кызматкерлерине дипломатиялык статус баштаган бир жеӊилдиктерди бердик, бирок анын натыйжасы көрүнбөйт, иш майнабы байкалбайт. Жетекчилеринин кызмат ордунан табыш кыйын, карапайым ишкерлер кеӊсесине кире алышпайт. Кыскасы, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду баштагы алган багытынан тайды», - деди депутат.

Андан тышкары, депутат «Кыргызтелеком», Megacom сындуу мамлекеттик компаниялардын жетекчилери өдөрүнө өтө чоӊ маяна коюп алышканын билдирди. «Мисалы, «Кыргызтелекомдун» топ-менеджерлери 300 миӊ маяна алат, ал эми кошумча төлөмдөрү менен кошо 700-800 миӊ сомго чейин чыгат экен. Ошол эле учурда, өз өмүрүн илимге арнаган академиктерибиздин эмгек акысы 10-15 миӊден ашпайт. Ушу кантип болсун! Калыстык кайда?», - деди Акылбек Жамагулов.

Пикир

Оставить комментарий