• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Жанар Акаев саламаттык сактоо министрин дарыгерлерди коргоого чакырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Депутат Жанар Акаев саламаттык сактоо министрин дарыгерлерди коргоого чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда Жанар Акаев илдетке каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерге сый акы качан берилерин сураган.

"Өкмөт өкүлдөрү маалымат жыйынында тиешелүү акча которулду деп билдирген. Бирок, саламаттык сактоо кызматкерлери азыркыга чейин ала элек. Алар күндө үмүт кылып банктык карточкаларын карап, күтүп жатышат. Барыбызга белгилүү дарыгерлердин айлыгы аз, сый акы берилсе алар үчүн чоң колдоо болмок", – деди депутат.

Бул суроого саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жооп берип: "43 уюм-мекемеден 828 кызматкерге 6 млн 600 миң сом акчаны которгонбуз. Бүгүн-эртең баарына таратып бүтөбүз. Айрым эсептер так көрсөтүлбөгөндүктөн жана иштебеген адамдардын тизмеге кирип калгандыгына байланыштуу кайрадан каралып, март айыныкы бир аз кечеңдеп калды. Апрель айындагы сый акыларды таратууда мындай мүчүлүштүктөр болбойт", – деди.

Жанар Акаев министрди аймактарды кыдырууга үндөп, дарыгерлердин коргоого алууга чакырды.

"Сиз УКМКдан, укук коргоо органдарынан коркпой, дарыгерлерди коргоңуз. Маска сапатсыз деп койгону үчүн кечирим суратууга жол бербешиңиз керек", – деди ал.

Муну менен катар депутат чет өлкөдө калган кыргызстандыктарды алып келүү ишине көңүл бурулбай жатканын белгилеп, экономикабыздын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан мигранттарыбызды өкмөт ушундай учурда таштабашы керектигин билдирди.

Эскерте кетсек, тармактык комитеттердин биргелешкен бүгүнкү жыйынында жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү маселелер каралууда. Жыйынга депутаттар, өкмөт мүчөлөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий