• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Депутат жаш келиндин сөгүшүнө кабылган дарыгер менен жолукту 

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Жогорку Кенештин депутаты Жылдыз Мусабекова жаш келиндин сөгүшүнө кабылган дарыгер Чолпон Рысбекованы кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мусабекова мугалим менен дарыгерлердин укугун коргоо тармагындагы көйгөйлөрдүн күнгөй-тескейин кеңири талкууга алды. Эл өкүлү алдыда мындай маселени көз жаздымда калтырбастан, мыйзам чегинде чечүү үчүн аткаруу бийлиги менен биргеликте иш-аракеттерди көрө тургандыгын билдирди.

Дарыгер Рысбекова дарыгерлердин укуктары корголбой жатканына токтолду.

"Учурда жаш дарыгерлердин укуктары корголбой калды, мындай учурлар аябай көп кездешет. Көпчүлүк билимдүү жаштар чет өлкөлөргө кетип жатышат", - дейт Рысбекова.

Эскерте кетсек, апта башында оорукананын дарыгери менен бир эненин ортосунда чыр чыккан. Келген аял дарыгерди сөгүп, кол көтөрүүгө аракет жасаган. Дарыгер милицияга арыз жазган. Кийинчерээк тараптар жарашкандыктан ал арызын кайтарып алган.

Пикир

Оставить комментарий