• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат “Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясын Кочкор районунда улантты

Аймак 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-апрелде, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Таалайбек кызы Кочкор районуна иш сапары менен барып, көчөт отургузуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Жогорку Кеңеш тарабынан “Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясын өткөрүү боюнча атайын токтом кабыл алынганын эске салды.

“Дарак тигүү сооп иштердин бири. Себеби дарак айлананы жашылданып, жашаган жерибизге көрк берет. Айрыкча, экологиябызга чоң пайда келтиребиз. Бак-дарак микроклиматты жакшыртып, абаны заяндуу газдардан тазалайт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий