• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат Жээнчороев биткоиндер рыногун көзөмөлгө алуу зарылдыгын билдирди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.01.18 /Кабар/. Кыргызстанда биткоиндер рыногун көзөмөлгө алуу зарыл, - деди бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев.

Анын пикиринде, Улуттук банк дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы биткоиндердин өнүгүшүнө учурунда жооп кайтаруусу кажет. Мындан тышкары ал УБ төрагасы Толкунбек Абдыгуловго уюлдук капчык кызматтарына карата катуу позицияны карманууну сунуштады.

“Сиздер биткоиндердин жана электрондук төлөмдөрдүн өнүгүшүнө байланыштуу каражаттар коррупциялык тутумдарга кетпөөсү үчүн демилгени учурунда колго алышыңар керек. Уюлдук алдамчылыкты жоюу зарыл. Каражаттар мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып көмүскө экономикага кетишине жол бербөө керек”,- деди депутат.

Абдыгулов жөнгө салуучулук таасирдин бир канча варианты каралганын айтты.

“Негизи электрондук капчык кызматы жоголбойт, бирок бул мыйзамга ылайык эрежелер боюнча жасалып, цивилизациялуу дүйнөдө кабыл алынгандай, банктык картага кыстарылышы керек”, - деди Абдыгулов.

Пикир

Оставить комментарий