• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат жол кире тууралуу: Ар бир тарифти көтөрүүдө экономикалык негиздеме болуш керек

Коом 0

Бишкек, 11.01.19. /Кабар/. Коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүүдө экономикалык негиздеме болуш керек. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин Турак-жай, жылуулу-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана инвестиция комитетинин төрагасы Жумабек Салымбеков “Кабар” агенттигине билдирди.

"Бишкек шаарынын мэриясы тарифтерди бекитет, ал эми Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары аларды жактырат же жок. Акыркы жолу жол төлөмүн көтөрүп жатканда бензин 25-30 сом, ал эми дизель 25 сом болчу. Ушул цифраларга жараша жол төлөмү бекитилген. Ал эми азыр күйүүчү майга болгон баа өсүп кеткен, жол кире акысы ошол бойдон калып калган", – деди Жумабек Салымбеков.

Депутат кабарлагандай, шаардык мэрияга коомдук транспорт боюнча анализ жасап, доклад берүү тапшырылган.

"Бишкеке 900 жакын кичи-автобус жетишпейт. Ошол себептен шаардык кеңеш мэрияга троллейбус жана автобустарды сатып алуу үчүн 200 млн сом бекитип коюуну тапшырган. Былтыркы жылы 300 млн. сом бекитилип, тендер да жүргүзүлгөн”, - дейт ал.

Анын айтуусунда, шаардык кеңештин позициясы – жол кирени жогорулатуу туура эмес.

"Эгер мэрия жол кирени көтөрүү маселесин киргизсе, биз аны карап чыгабыз", - деп кабарлады Салымбеков.

Пикир

Оставить комментарий