• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Депутат жол кыймылы тууралуу: өкмөт айыппул менен эле алектенип, шарт түзүү жагын ойлогон жок

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 24.05.19 /Кабар/. Жол кыймылы эрежелерин бузууда аткаруу бийлиги айыппул менен эле алектенип, шарт түзүү жагын ойлогон жок. Бул тууралуу депутат Алтынбек Жунус уулу "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынын жыйынында билдирди.

Фракция КР Бузуулар жөнүндө кодексинин алкагында жол кыймылынын эрежесин бузуулар үчүн айып пулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгү жана натыйжалуулугу маселесин карады.

Депутат шарт түзүү жагын унутпай, жол белгилерин коюп, кайсы жерде 40 же 60 км саатына, же канча канчага чейин деген нормаларды дагы эске алыш керек деген пикирде.

Эл өкүлүнүн пикиринде, анча кооптуу болбогон эреже бузууларга айыппулдарды азайтуу керек.

Ошондой эле, депутат "Коопсуз шаар" долбоорунун 2-3-фазасын жергиликтүү бийликке берүүнү сунуш кылды. Мындан сырткары, эл өкүлү авто унаалар катталган жарандарды таап кайра каттатууга өкмөт жардам бериши керектигин баса белгиледи.

"Мурда трассада саатына 90 км, калктуу конуштарда саатына 60 км деген эки эле ченем бар эле. Бүгүнкү күндө мектеп, бала бакчалардын жанындагы жолдорго саатына 40 км деген ченем коюлган. Бирок ал ченем канчага чейин күчүндө болоору көрсөтүлгөн эмес. Кээде түнкүсүн дагы ошол саатына 40 км деген ченем менен тосуп жатышат", – деди депутат.

Анын пикиринде, бүгүнкү күндө трассага, айрыкча, айланып өтмө жолдорго саатына 110 км деген ченемди, ал эми саатына 40 км деген ченемдин саат канчага чейин жарактуу болушу көрсөтүү керектигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий