• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат: Жолдорду курулушун аягына чейин чыгарууну үйрөнүшүбүз керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү, депутат Тынчтыкбек Конушбаев “Парламент” радиосунда конокто болуп, жол куруудагы мүчүлүштүктөр жана аны чечүү маселелери тууралуу маек берди.

Уктуруунун жүрүшүндө депутат Чолпон-Ата – Корумду жолун жана борбор калаадагы жолдорду курууда жөө жүргүнчүлөр үчүн шарт түзүлбөй жаткандыгына токтолду.

“Жолдор салынып жатат. Жол салган жакшы, бирок биздин бир чечилбей жаткан маселебиз – азыркыга чейин аны аягына чыгарганды билбейбиз. Мисалы, Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү. Жанжолдор жок, оюнга катышуучулар менен келген туристтер чоӊ жол аркылуу басып жүрүштү. Кырсыкка кабылышса эмне болот? Жанжол салуу чарасы долбоордо деле бар экен, бирок ал эмдигиче салына элек. Жолдордун курулушун аягына чейин чыгарууну үйрөнүшүбүз керек”,- деди эл өкүлү.

Муну менен катар депутат Тынчтыкбек Конушбаев жол курууда кемчиликтер кетип, келишимде көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай калса жол курган тарап өз чөнтөгүнөн оңдоп бериши керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий