• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Зиядин Жамалдинов снукер федерациясынын вице-президенти болду

Спорт 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов снукер федерациясынын вице-президенти болду. Бул тууралуу уюмдун башчысы Шаирбек Маматокторов билдирди.

Анын айтымында, шайлоо кечээ, 29-октябрда өткөн.

“Бизди мэрия колдой баштады, алсак, мэр Азиз Суракматовдун колдоосу астында снукер Академиясынын ачылышы болот. Ал жерде жаштар курамасын түзүү үчүн 7ден 14 жашка чейинки балдарды машыктырабыз. Колдоо болгон учурда спорт алдыга жылат. Чиновниктер колдой башташты, ага мисал – депутаттын дайындалышы. Элдердин кызыгуусу өсүүдө”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий