• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат: Эмнеге кыргыз-өзбек чек арасында такталган участкалары ушу кезге чейин демаркацияланбай турат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 14.03.19 /Кабар/. Эмне себептен Кыргызстан менен Өзбекстандын эбак такталган чегара участкалары ушул кезге чейин демаркацияланбай турат? Бул тууралуу депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 13-март күнү кыгыз-тажик чегарасында болгон жаӊжал коӊшу өлкөлөрдөгү чегара көйгөйлөрүн тезинен чечүү зарылдыгын дагы бир ирет көрсөттү.

Депутаттын пикиринде, өкмөт бул маселеге өзгөчө көӊүл буруп, өкмөттөр аралык аралык комиссияга ушул кезге чейин такталбай келаткан чегара участкаларын делимитация жана демаркациялоо ишин ыкчамдатып чечүүгө тапшырма берүүгө тийиш.

"Мисалы, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чегарасынын 75 пайызы толук такталып, делимитация болгон, бирок ушул кезге чейин демаркациялана элек. Эмне себептен эбак такталган чегара участкалары ушул кезге чейин демаркацияланбай турат? Ушу тапта Кыргызстан менен Тажикстандын чегарасын тактоо жаатында кандай чаралар көрүлүп жатат? Биз кыргыз-тажик чегарасы боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө да маалымат алып, тактала чегара участкаларын делимитация жана демаркациялоо чараларын көрүшүбүз керек», - деди Зулпукаров.

Пикир

Оставить комментарий