• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутаттар Атамбаевге карата бир катар күнөө коюуларын айтышты

Коом 0

Бишкек, 17.06.19. /Кабар/. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуунун демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаттары кайсы фактылар боюнча ага каршы айып коюшаарын айтышты. Бул тууралуу КРнын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча комиссиянын отурумунда депутат Талант Мамытов тийиштүү катты окуду.

Ал белгилегендей, Атамбаев премьер-министр болгон учурда Россиянын 123 жарандарына курал берип, алардын ичинде УКТнын мүчөлөру да болгону айтылат.

Ошондой эле, “Дастан” АКнын кээ бир кызматкерлеринин жардамы менен Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алганы айтылды. Учурда ал жерде үйү курулган.

Депутаттар Атамбаевдин, кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууну уюштуруу боюнча күнөө коюну карашууда.

Ошондой эле Атамбаев премьер-министр учурунда өкмөттүн токтому менен Аламүдүн районунун Байтик айылынан 35,65 гектар жерди айыл-чарба категориясынан коттедж шаарчасын курууга калктуу пункт категориясына чыгаргандыгы айтылды.

Атамбаевдин 2010-2018-жылдардагы Бирдиктүү салык декларациясын изилдөөдө аныкталгандай, декларацияда 2017-жылы С. Пахати аттуу жарандан түшкөн 54 млн. сом өлчөмүндө киреше көрсөтүлгөн. Башкача айтканда Пахати 2017-жылы Атамбавден “Форум” ЖЧКсын сатып алган. Депутаттар аталган жаран кызыкдар тарап болушу мүмкүн деп эсептешет.

Ысык-Көл райондук администрациясынын жана Чоң Сары-Ой айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин мыйзамсыз иштеринин жыйынтыгында Чоң Сары-Ой айылында 4,61 гектар жер мамлекеттик керектөөгө тиешеси жок максатта “Фрунзе Резерт” ЖЧКсына берилген. Кийин ал жер экиге бөлүнүп, анын укугу Атамбаевге берилген.

Андан тышкары Башкы прокуратура тарабынан Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбооруна кол коюуда коррупция фактылары боюнча иш козголгон. Депутаттар билдиргендей, Атамбаевдин бул ишке тиешеси бар экендигин анын саясий билдирүүлөрү тастыктайт. Баардык саясий чечимдер, анын ичинде компанияны тандоодо макулдук боюнча чечимдер жеке Атамбаев тарабынан кабыл алынган.

Эл өкүлдөрү мурунку башкы прокурор Аида Салянованын Атамбаевдин Бишкек ЖЭБине мыйзамсыз көмүр ташуу иштерине тиешеси бар деген сөздөрүнө да көңүл бурушту.

Ошондой эле мурунку мамлекет башчыны бийликти басып алуу (узурпация) боюнча да айыпташты. Депутаттардын пикири боюнча, ал уюшкан кылмыштуу тобун түзүп, кээ бир бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө кийлигишкен.

Пикир

Оставить комментарий