• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутаттар бүгүн жаңы Төраганы дайындайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. ЖК депуттары бүгүн жаңы Төраганы дайындоо чечимин кабыл алышты.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бул суроону күн тартибине киргизүү керектигин айтты.

Аталган сунуш добуш берүүгө коюлуп, депутаттар колдошту.

Өмүркулов коалиция өз ара кеңешип, андан соң өзүнүн талапкерин парламенттин кароосуна сунушташ керектигин билдирди.

Парламент саат 12:00дөн 14:00 чейин танаписке кетип, андан соң өз ишин улантуу чечими кабыл алынды.

Эске сала кетсек, бүгүн Чыныбай Турсунбеков өз каалоосу менен Төрагалык кызматын өткөрүп берди.

Пикир

Оставить комментарий