• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутаттар балык уулоочу синтетикалык торлорду сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу демилгесин көтөрүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 23.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети балык уулоо жүрүмүн укуктук жактан жөнгө салууга багытталган "Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Демилгечилер – депутаттар Жыргалбек Турускулов менен Бактыбек Турусбеков.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору суудагы биологиялык ресурстарды, алар жашаган чөйрөнү сактоо, курчап турган чөйрөнүн жагымдуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

"Балык уулоочу торлор даярдалган синтетикалык материалдар бекем, сууда чирибейт. Ал көлдөр менен көлмөлөрдө өлгөн жаныбарлардын топтолушуна, экологиялык абалдын бузулушуна алып келет. Ошондон улам, Кыргызстандын аймагында мындай каражаттарга тыюу салуу демилгеси сунушталууда", - дейт депутат Турускулов.

Андан тышкары, мыйзам долбоору аркылуу юридикалык мааниге ээ болгон айрым бир түшүнүктөр ачып көрсөтүлүүдө. Алсак, "балык уулоочу синтетикалык торлор", "электр менен кармоочу тутумдар" сындуу жаӊы түшүнүктөр киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий