• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутаттар чек арадагы абал боюнча өкмөттүн маалыматын угат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча маалымат берет. Пленардык жыйындын жүрүшүндө төрага Дастанбек Жумабеков өкмөт башчыны тийиштүү орган жетекчилери менен чогуу Жогорку Кеңешке чакырып, маалымат угуу сунушун киргизди. Эл өкүлдөрү сунушту колдоп беришти, саат 14:00дө Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы акыркы абал боюнча маалымат берет.

Эске сала кетсек, кечээ, 17-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» өткөрмө-көзөмөл пунктунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусу өттү.

Белгилей кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылды. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. Чек арадагы чатактын натыйжасында бир нече адам жараат алып, “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик 1978-жылкы Равшан Муминов курман болду. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

Пикир

Оставить комментарий