• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутаттар чек арадагы Ак-Сай жана Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугушту

Коом 0

Ош, 18.03.19 /Кабар /. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугушуулар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаттары 15-март күнү аталган эки айыл жашоочулары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, актуалдуу маселелерди талкуулашкан.

Жергиликтүү калк менен болгон жолугушуудан кийин депутаттар Тажикстандын ички иштер министринин орун басары жана Согдий облусунун милиция башкармалыгынын жетекчиси менен жолугушкан. Коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары менен болгон жолугушууда тараптар биргеликте иш алып баруу маселелерин сөз кылышкан.

Депутаттык топтун ичине Төрөбай Зулпукаров, Карамат Орозова, Таабалды Тиллаев, Курманбек Зулушев жана Айнуру Алтыбаевалар кирген.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен Мамлекеттик чек ара кызматынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерине жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий