• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутаттар ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын сессиясына катышуу үчүн Мароккого кетишти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. 4-6-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көпчүлүк коалициясынын төрагасы, КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жетектеген делегация ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Мароккодо өтчү кезектеги күзгү сессиясына катышат. Делегациянын курамына "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын тийиштүү кызматкерлери кирген.

Сессиянын ачылыш алдында "Кызматташуунун Түндүк-Түштүк модели жана глобалдашуу ааламындагы Жерортолук деңизи аймагындагы экономикалык мамилелер" аталыштагы Жерортолук форуму өтөт.

Парламентарийлердин сессиясынын ачылышынан кийин төмөндөгү актуалдуу темалар боюнча талкуулар болот:

- "Инновация, алдыңкы тажырыйбалар менен бөлүшүү жаатындагы ЕККУ жана Африка аймактар аралык кызматташтык";

- "Евро-Жерортолук деңизи аймагы жана климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан көйгөйлөр: экономикалык өнүгүү жана экономикалык миграция";

- "Дин жанаишенимнегиздегисабырсыздыкжана дискриминация мененкүрөшүү".

Пикир

Оставить комментарий