• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутаттар Глобалдык экологиялык фонд каржылаган долбоорлордун натыйжалуулугуна көӊүл бурат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) менен кызматташтык жана ГЭФ финансылаган долбоорлордун натыйжалуулугу боюнча өкмөттүн иши жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору талкууланды.

Маселенин демилгечиси депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, токтом долбоору Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) долбоорлорунун ишке ашыруунун натыйжалуулугуна бийлик органдары тарабынан тиешелүү көзөмөл жана мониторинг жоктугуна байланыштуу даярдалган.

«ГЭФтин долбоорлорунун жыйынтыгы боюнча отчеттор кагаз түрүндө эле калып, реалдуу натыйжа болуп жатабы деген суроо жаралууда», - дейт депутат Байбакпаев.

Жыйын жүрүшүндө Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) долбоорлору менен түздөн-түз иш алпарган КР Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдыкадыр Рустамов ГЭФ тарабынан сунушталган долбоорлордун ишке ашырылышы боюнча маалымат берди.

Талкууда ГЭФ тарабынан жалпысы 30 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү долбоорлор аткарылгандыгы такталды. Ошону менен катар Жогорку Кеӊештин токтомун кабыл алуу менен долбоорлорду ишке ашырылышы реалдуулук менен төп келбей тургандыгына агенттиктин кызматкерлерин күнөөлөө эмес, бул жерде системаны өзгөртүү боюнча демилге көтөрүлүп жаткандыгы айтылды.

Комитет мүчөлөрүнүн талкуусуна коюлган Жогорку Кеӊештин токтом долбоорунда ГЭФтин гранттык каражаттарынын жана эл аралык финансылык уюмдардын теӊ каржылоосунун эсебинен каржылануучу ГЭФ-4, ГЭФ-5, ГЭФ- 6 программаларын ишке ашыруунун натыйжалуулугун кеӊири талдоого алуу сыяктуу маселелер белгиленген.

Талкуу соӊунда комитет мүчөлөрү ГЭФ тарабынан каржыланган долбоорлордун натыйжалуулугу боюнча өкмөттүн иши жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун жактыруу чечимин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий