• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутаттар интернетти мыйзамсыз колдонууну жөнгө салуу маселеси боюнча сунуш киргизишти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17- июндагы жыйынында депутаттар “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Өкмөт демилгелеген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Бул маселе боюнча баяндама жасаган Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрайымы Махабат Мавлянова мыйзам долбоору электрондук башкаруу жөнүндөгү мыйзамды республикада жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформалардын алкагында кабыл алынган кодекстерге шайкеш келтирүүгө багытталгандыгын белгиледи.

Мыйзам долбоору тарабынан “Электрондук башкаруу жөнүндөгү” мыйзамдын 14-беренесинин 6-бөлүгүн төмөндөгү редакцияда берүү сунушталууда. “Согушту, улуттук, региондор аралык, расалык жана диний жек көрүүнү пропагандалоого багытталган маалыматтар, ошондой эле Кыргыз Республиксынын Кылмыш кодексине, Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндөгү кодексине жана Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндөгү кодексине ылайык, жоопкерчилик каралган башка материалдарды таратууга жана жарыялоого тыюу салынат”.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Элвира Сурабалдиева түзөтүүлөр кодекске шайкеш келтирүүгө гана багытталбагандыгын белгиледи. “Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 6-бөлүгүндө силер “межрегиональный”, кыргызчасы “аймактар аралык” деген сөздү кошумчалап жатасыңар. Андыктан, эч кандай кошумча жок деп айтпаш керек. Бул кодекстеги жана сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы жаңы түшүнүк”, – деди Эльвира Сурабалдиева. Депутат ошондой эле интернетте душмандыкты козутканы үчүн жоопкерчилик менен жалпы коомдук мейкиндикте ушундай эле аракеттин ортосундагы жоопкерчиликтин айрымасы кандай экендигин сурады.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев беренеге көз карандылык жана жазалоо чарасынын оорлотуучу жагдайлары ар кандай экендигин белгиледи. “Террористик ишмердүүлүктү ишке ашырууга ачык чакырык 2-категориядагы эркинен ажыратуу менен жазаланат, ошол эле аракет ЖМКны жана интернетти колдонуу менен жасалса 3-категориядагы эркинен ажыратуу менен жазалалат”, – деди министрдин орун басары.

Депутат Дастан Бекешов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин статс –катчысы Абдисамат Сагынбаевден алардын органы социалдык түйүндөрдөгү сайттардын мазмунуна көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу же укуктуу эмес экедигине кызыкты. Абдисамат Сагынбаев алардын мекемечи маалыматты таратуу үчүн инфратүзүмдү түзөөрүн, ал эми контентке Маданият жана маалымат министрлиги көзөмөлдүк жүргүзөөрүн билдирди.

Депутат маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитетке интернеттеги публикацияларды модеризациялоого көмөк көрсөтүү максатында алдыңкы социалдык түйүндөрдүн жетекчилери менен кызматташууну жөнгө салууну сунуштады. Эл өкүлүнүн айтымында, шайлоонун алдында саясий оппененттер кызматты акча төлөп маалымат каражаттарын ээлөөгө, анын ичинен каралоо мүнөзүндөгү материалдарга басым жасаарын белгиледи.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий