• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутаттар ипотекалык насыя алуунун шарттарын жеӊилдетүүнү тапшырышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 01.02.19 /Кабар/. "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча маалыматты угулду. Аталган маселе боюнча вице-премьер-министри Замирбек Аскаров менен Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын (МИК) төрагасы Бактыбек Шамкеев баяндама жасашты.

Депутаттар ипотека берүүдө пайыздык ставкаларды төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрү менен ипотекалык насыя берүү процессин жана механизмдерин жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштамаларды беришти.

Ошондой эле берилген баяндамаларда "Жеткиликтүү турак-жай – 2015-2020" программасынын аткарылышы боюнча маалыматтар айтылды.

МИК Кыргызстанда 2015-жылы иштеп баштаган. Анын уставдык капиталы 321 млн сомду түзөт. Жалпы кредиттик портфель 4 млрд 320 млн сом. Жалпысы бюджет тармагынан 3799 кызматкер насыя алган. Жалпы насыя алгандардын 30дай пайызы мугалимдер, дагы 30дай пайызы бюджеттик мекемелердин кызматкерлери.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын пилоттук долбоор катары Бишкекте жана Нарында ижарага алып, кийин сатып алуу механизминин алкагында үйлөрдү кура баштады. Алар 2019-жылдын апрель-май айларында курулуп бүтөт.

МИК ички жана сырткы инвесторлор менен иш алпарууда. Немец өнүктүрүү банкы 11 млн евро каражатына долбоорду каржылап жатат. Ал дагы 9 млн евро каржылоого даяр. Бул каражаттар аймактарда социалдык турак-жайларды курууга багышталат.

Жыйын жүрүшүндө эл өкүлдөрү ипотекалык туракжайларды өлкө аймактарына кура баштоо зарылдыгын айтып, анын менен катар чек ара аймактарындагы жарандарга насыя алуу шарттарын жеӊилдетүү керектигин белгилешти.

Талкуу жыйынтыгында "Кыргызстан" фракциясы МИКке насыялардын пайыздык ставкаларын төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн табуу, Нарын шаарындагы курулуп жаткан турак жайдын квадрат метрине болгон бааны түшүрүү маселелерин караштыруу боюнча сунуштамаларды беришти.

Пикир

Оставить комментарий