• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутаттар өкмөттө мамлекеттин жер саясатын жүргүзө турган бирдиктүү орган түзүүнү сунушташты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 25.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин жыйынында кечээ угула баштаган өкмөттүн 2018-жылы жүргүзгөн иши жөнүндө премьер-министрдин отчетун угуу улантылды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.

Депутат Уланбек Примов 2018-жылы өлкө экономикасы дүркүрөп өсүп кетпесе дагы, стабилдүүлүк сакталгандыгын баса белгиледи. Ошол эле маалда депутат өлкө аймагы боюнча башталган жер тилкелерин инвентаризациялоо маселеси бүтсө өнүгүүгө кадам болоорун кошумчалады.

Примовдун суроосунан кийин алдыдагы күз мезгилине чейин айрым көйгөйлүү болуп жаткан жер тилкелерин трансформациялоо маселеси боюнча дагы бир мыйзам долбоору парламентке сунушталаарын маалым болду.

Депутат Алмазбек Акматов Өкмөттө жер саясатын жүргүзүүчү бирдиктүү орган болушу керектигин сунуш кылды. Анын белгилөөсүндө, бүгүнкү күндө жер саясаты менен 4 орган алектенип, иш чар-жайыт жүрүп жатат. Эл өкүлүнүн мындай сунушуна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы колдоп, бул багытта иш алпарылып жаткандыгын айтты.

Депутат Тынчтык Шайназаровдун суроосунан кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2018-жылы өткөн жылдарга салыштырмалуу ийгиликтүү иштегендиги белгилүү болду.

Жыйын жүрүшүндө бир катар эл өкүлдөрү жер тилкелерин трансформациялоону жүзөгө ашыруу, региондорду дотациядан чыгаруу, мугалим, врачтардын эмгек акыларын көтөрүү маселелерин комплекстүү чечүү зарылдыгына өкмөттүн көӊүлүн бурушту. Коӊшу Казакстанда бензиндин баасы 15 сом айырма болуп жаткандыгы айтылып, күйүүчү майлардын баасын түшүрүү боюнча аракеттерди көрүүгө чакырышты.

«Чек аралардан аткезчилик жолу менен товарларды өткөрүү уланып жатат. Чек ара пункттарында товар өткөрүүнүн электрондук жолун жакшыртып, тыкыр көзөмөл кылуу керек»,- дейт депутат Аалы Карашев.

Пикир

Оставить комментарий