• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутаттар «КР Коопсуздук кеңеши жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясынын долбоорун сунуштоодо

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Коопсуздук кеӊешинин ишин жөнгө салууга багытталган «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар И.Өмүркулов, Ө.Бабанов, А.Карашев, А.Баатырбеков, М.Жеенчороев, К.Керезбеков. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Канат Керезбековдун айтымында, Коопсуздук кеңеши мамлекеттик бийлик органдарынын тутумундагы өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү ишке ашырган конституциялык кеңешүүчү орган болушу керек. “Конституциялык реформага ылайык, Коргоо кеңешин Коопсуздук кеңеши деп кайра түзүү каралды”, - дейт ал.

Теориялык жана практикалык жагынан алганда, “улуттук коопсуздук” деген түшүнүк кыйла кеңири болуп саналат жана өлкөнү куралдуу коргоо маселелерин гана эмес, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин жашап турушунун ар түрдүү чөйрөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу маселесин да өзүнө камтыйт. Ошондон улам, ушул мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Ошону менен бирге, Коопсуздук кеңешинин курамын, түзүмүн жана уюштуруу тартибин кайра карап чыгуу сунуш кылынууда. Айтсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Коопсуздук кеңешинин курамына кызматы боюнча Төрага, коргоо жана коопсуздук маселелерин тейлеген комитеттин төрагасы, ошондой эле парламенттик көпчүлүк коалициянын лидери жана саны боюнча мүчөлөрү көп оппозициялык фракциянын лидери кирет.

Коопсуздук кеңешинин ыкчам чечимдерди кабыл алууну талап кылган маселелерди талкуулай турган кезексиз жыйыны төраганын жетекчилиги алдында өтүп, Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы, Коопсуздук кеңешинин катчысы, ошондой эле тышкы иштер, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, улуттук коопсуздукту камсыз кылчу мамлекеттик органдардын жетекчилери катышат.

Пикир

Оставить комментарий