• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Депутаттар парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну сунуштап жатышат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттар тобу парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну сунуштап жатышат.

Алар “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамынын кээ бир укуктук-ченемдик актыларын токтотуу жөнүндө” мыйзам долбоорун сунушташууда.

Эскерте кетсек, кечээ, 21-октябрь күнү БШК парламенттик шайлоонун күнүн 20-декабрга белгилеген.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу каражаттын тартыштыгы, коронавирустун экинчи толкуну жана шайлоо системасын реформалоо сунушуна байланыштуу сунушталууда. Бирок президенттик шайлоо өз убагында 10 же 17-январда өтөт.

“Ал мыйзам долбооруна парламенттик башкаруу форма сакталып калышы керек деген шарт менен кол коюп бердим. Айрым өзгөртүүлөр болот: премьер-министр менен өкмөт күчөтүлүп, президент дагы ыйгарым укуктарынан ажырайт. Шайлоо системасы шайлоочу өзү тандаган талапкерлерге добуш бергендей болуп өзгөрөт”, - деди.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Талант Мамытов бүгүн ал мыйзам долбоорун тармактык комитет карап, андан кийин ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий