• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутаттар спортчуларга акчалай сыйлык же батир берип колдоону суранышууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.03.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары дүйнөлүк аренада өлкөнүн атынан чыгып байгелүү орундарды багындырган спортчуларга акчалай сыйлык же батир берүү маселесин кароону сунушташууда.

Камчыбек Жолдошбаевдин (Өнүгүү-Прогресс) айтуусунда, Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азиянын чемпионатында кыргыз спортчулары алдыңкы орундарды алышты.

“Биздин спортчулар коло, күмүш, алтын медалдарды утушту. Мурун совет мезгилинде мындай жетишкендиктери үчүн “Баатыр” медалын беришчү, алар күнүнө бир нече саат машыгышат. Өкмөт Эл аралык мелдештерди жеңген спортчуларга акчалай сыйлык же батир берүүнү карап чыгуусу керек”,-деди ал.

Ошондой эле спортчуларды колдоо керектиги тууралуу депутат Тазабек Икрамов (Өнүгүү-Прогресс) да айтып, спортчуларга тиешелүү көңүл бурулбай жаткандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий