• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутаттар таза суунун тарифин бара-бара 100 пайызга чейин көтөрүү зарылдыгын белгилешти

Коом 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору боюнча Гранттык жана Кредиттик макулдашуулардын долбоорлорун жактырды.

Белгилей кетсек, аталган долбоор 2011-жылдан тарта иштей баштап, азыркы учурда ал толугу менен бүткөрүлдү. Ошондон улам, азыр анын экинчи фазасын баштоо зарыл. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бул багытта 8 млн евро өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр, анын ичинде 4 млн евро гранттык каражат болуп саналат. Насыя каражатты Жалал-Абад шаарынын мэриясы кардарлардан чогулган акчанын эсебинен төлөөгө тийиш.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев насыя каражаттан толук кутулууга мүмкүнчүлүгү бар экенин, ал негизинен абоненттерди көбөйтүү жолу аркылуу төлөнө турганын билдирди. Ал эми бир катар депутаттар таза суунун тарифи өтө төмөн болуп жатканын, мамлекет да пайда көрүшү керектигин белгилешип, аны бара-бара 100 пайызга чейин көтөрүү тууралуу пикирлердин айтышты. Мэр тарифти көтөрүүгө убада берди.

Бул “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору бүгүн, 17-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында да каралып, колдоого ээ болду. Комитет мүчөлөрү аталган гранттык жана насыялык макулдашуу долбоорлоруна Жалал-Абад шаардык кеңешинин макулдугу бар экенин такташты.

Пикир

Оставить комментарий