• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Депутаттар техникалык окуу жайлардын ролун көтөрүүнү пландаштырууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.12.18 /Кабар/. "Орто жалпы билим алуунун программасы боюнча 9 - класстан ары окууну уланткысы келбегендер үчүн милдеттүү акысыз билим берүүнү ишке ашыруучу мыйзам долбоорун иштеп чыктык", - дейт депутат Мирлан Жеенчороев Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында.

Демилгечи депутаттын айтымында, Билим берүү жана илим министрлигинин 2010-2016-жылдар үчүн берген статистикалык маалыматына караганда, ар жыл сайын 9-классты 98000 окуучу аяктайт. Алардын 64 миңи гана 10-11-классты улантышкан.

Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу мекемелерине 9-класстын базасы менен 6000 улан – кыз тапшырса, кесиптик билимге 15 миңи барган. Мындай көрүнүштүн көрсөткүчү 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн 12%нын чала сабаттуу, эч кандай иши жок, өз алдынча жашоого караманча даяр эмес болуп чыгышын ачыктоодо.

2003-жылы «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандан берки 14 жылдын аралыгында коомчулугубуз эч кандай баштапкы орто кесиптик билими жок, толук эмес орто билимдүү чоң турмушка аралашкан 200 миң жаран менен толукталды, - деген да сандык көрсөткүчтөргө көңүл бурулду.

КР Билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиеванын белгилешинче, учурда 93 кесипчилик - техникалык окуу жайлары иштеп жатат. Анда окууну каалагандар үчүн 8 миңге жакын резервдик орундар бар. Орто кесиптик билим берүү ченемдерин киргизүү үчүн 750 млн. сом керектелет.

Ал эми депутат Дүйшөн Төрөкулов, - "Кесипчилик - техникалык окуу жайына 9 - класстын базасында тапшыргандарга акысыз окутуу, ал эми 11 - класстан кийин тапшыргандарга келишимдик негизде билим берилсе", - деп сунуштады. Ошондой эле ал миграциялык агымга туш болгон кесип ээлерине келишим түзүү жеткиликтүү үйрөтүлсө, - дейт.

Талкуу жыйынтыгында, "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамга кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясы жактырылды. Мыйзамдын ишке ашырылышы 2020 - жылдын 1 - сентябрынан тартып күчүнө кирсе, - деген сунуштар да айтылды.

Пикир

Оставить комментарий