• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Депутаттар тобу аудитордук иш жаатындагы көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу демилгесин сунуштоодо

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети корпоративдик финансы отчетун жана аудитти жөнгө салуу жаатында институттук мүмкүнчүлүктү күчөтүү жана аудитордук иш жаатындагы көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоору аркылуу “Аудитордук иш жөнүндө” жана “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталууда. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин айтымында, аталган мыйзам долбоору аудитордук уюмдарга талаптарды күчтөндүрүү, аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык аудитордук текшерүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган. Азыркы учурда 112 аудитордук уюмдар жана 33 жеке аудиторлор иштеп жатат. Кыргызстанда аудитордун сертификатына ээ болгон 407 аудитор бар, алар жеке аудитор катары да эмгек келишимдеринин негизинде иштеп жатышат.

Мыйзам долбоору аркылуу өлкө аймагында аудитордук ишти жүзөгө ашырууга бирдей талапты камсыз кылуунун, аудит жүргүзүүдө аудитордук кызматтын сапатына натыйжалуу көзөмөлдү ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүнүн зарылдыгын эске алуу менен, аудиторлордун бир нече уюмдарда кызмат көрсөтүү практикасын жокко чыгаруу сунуш кылынууда.

Пикир

Оставить комментарий