• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутаттар тобу Коргоо кеӊешинин аталышын Коопсуздук кеӊешине өзгөртүү демилгесин көтөрүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Коргоо кеӊешинин аталышын кайрадан тактоого багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Демилгечи – депутаттар И.Өмүркулов, Т.Зулпукаров, Ө.Бабанов, М.Жеенчороев, Б.Ибраимжанов, Б.Сыдыков, А.Баатырбеков, Т.Конушбаев, А.Токторов, А.Турсунбаев. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жакында Конституцияга бир катар түзөтүүлөр, анын ичинде Коргоо кеӊешине байланыштуу өзгөртүү да киргизилди. Ошондон улам, бир катар мыйзамдар Башмыйзамга ылайык келтирилүүдө.

Андан тышкары, демилгечилер эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, Коргоо кеӊешинин аталышын кайра тактап, аны мурдагыдай эле Коопсуздук кеӊешине алмаштыруу зарылдыгы келип чыкканын, ал үчүн коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилип жатканын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий