• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутаттар тобу тил мыйзамдарынын ченемдерин бузган жактардын жоопкерчилигин кароо демилгесин көтөрүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште тил боюнча мыйзамдардын аткарылышын жөнгө салуу максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Бузуулар жөнүндө кодекске, «Жарнак жөнүндө» мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин маалыматына караганда, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексте тил мыйзамдарынын ченемдерин бузган же аткарбаган жактардын жоопкерчилиги каралбай калган. “Кодекстин 64-беренесине тил жөнүндө мыйзамдарда каралган ченемдерди бузган жана аткарбаган жарандарга, кызмат адамдарына жана юридикалык жактарга администрациялык айып салуу тууралуу ченемдерди киргизүү сунушталууда”, - дейт тармактык комитеттин төрайымы Наталья Никитенко.

Ошондой эле, «Жарнама жөнүндө» мыйзамга ылайык, жарнамалар мамлекеттик жана расмий тилдерде жайылтылат. Ал эми жарнама боюнча мыйзам бузуулар монополияга каршы орган тарабынан жөнгө салынат. Бирок, жарнаманын мазмунун кароо аталган органдын компетенциясына кирбегендиктен, жарнамалар башаламан, тил ченемдери сакталбаган боюнча жайгаштырылып келген.

Сунушталган ченемге ылайык, шаардагы, айылдагы калк конуштарда мазмуну боюнча адабий тилдин ченемдери (алфавит жана орфография эрежелери) сакталбаган жарнамаларды жайгаштыруу –жарандарга жана юридикалык жактарга администрациялык айып салууга алып келери көрсөтүлүүдө. Аны Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 316-беренесине киргизүү сунушталууда.

Улуттук тил комиссиясынын маалыматына караганда, адегенде мыйзам бузган жактарга эскертүү берилет. Ал эми жеке жактарга салынчу айыппул 1000 сом, юридикалык жактар үчүн 10000 сом өлчөмүндө каралган. Жарнактардын туура жазылышын шаарларда мэриянын алындагы мамлекеттик тил бөлүмү, элет жергесинде айыл өкмөттөрүнүн алдында түзүлгөн атайын комиссиялар көзөмөлдөйт. Эгерде жеке жана юридикалык жактар айыппулга макул болбосо, анда ал маселе сот аркылуу чечилүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий