• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутаттар тобу жол куруудагы кепилдик мөөнөтүн 5 жылга чейин узартуу демилгесин көтөрүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.11.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште автомобиль жолдорун курууда подрядчиктердин жоопкерчилигин күчөтүү, жолдордун сапатын жогорулатуу жана жолдорду өз учурунда тейлөө боюнча кепилдиктерди камсыз кылуу максатында даярдалган “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечилердин бири Марат Аманкулов жолдун азыркыдай 2-3 жылдык кепилдик мөөнөтү өтө кыска экенин эске салып, автомобиль жолдорун курууда подрядчиктердин жоопкерчилигин күчөтүү максатында, сунушталган мыйзам долбоору аркылуу ал 5 жылга чейин узартыла турганын белгиледи. “Эл аралык тажырыйбада дагы ушундай. Россия, Кытай, Финляндия сындуу кепилдик мөөнөтүн 25-30 жылга чейин койгон өлкөлөр бар. Жол куруучу компания жолдун сапатына жакшы көӊүл буруп, ал ушул мөөнөт аралыгында бузула баштаса, өзүнүн эсебинен оӊдоого тийиш”, - дейт ал.

Ал эми Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жолдун кепилдик мөөнөтүн узартууга каршы пикирин билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрү да эске алынууга тийиш, эгерде кепилдик мөөнөтү узартылса, жолдун курулушу 10 пайызга чейин кымбаттап, инвесторлордун саны азайып кетиши мүмкүн.

Жол коопсуздугу менен анын экономикалык жактан пайдалуулугуна басым жасаган бир катар депутаттар өтө маанилүү мындай мыйзам долбоорун колдой турганын, жолдун баары кыргыз тараптын насыяга алган каражаттарына салынып жатканын, өлкөнүн тышкы карызынын негизги бөлүгү жол куруу тармагына тиешелүү экенин билдиришти. Алардын пикиринде, мыйзам кабыл алынып калса, жол курган компанияларга карата коюлган талап кыйла күчөтүлүп, анын сапаты жогорулайт.

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков жолдун кепилдик мөөнөтү узартылса, жол курулушу камбаттабай турганын, тескерисинче аргандай “откат” деген кымтыкей жосундар азаярын, жолдун сапаты колдонулган материалдардын сапаты менен технологиялык талаптардын так сакталышына жараша болорун, совет доорунда салынган жолдор 30-40 жылдан бери кызмат кылып келатканын белгиледи.

Депутат Мирлан Жеенчороев Транспорт жана жол министрлиги узак жылдардан бери жедеп коррупцияга батып калганын, ошондон улам анын жетекчилери жолдун кепилдик мөөнөтүн узартпоого кызыкдар экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, жол тармагы Кыргыз Республикасындагы жүк ташуулардын 96 пайызын жана жүргүнчүлөрдү ташуулардын 98 пайызын камсыз кылат. Кыргызстандагы жол тармагынын жалпы узундугу 34000 км. жакынды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий