• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутаттар тобунун кышкы туризмди өнүктүрүү жаатында чараларды көрүү демилгеси кийинкиге жылдырылды

Коом 0

Бишкек. 13.05.19 /Кабар/. Бюджет жана финансы боюнча комитет “Иссык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана чечүү жолдору тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун кийинкиге жылдырды. Демилгечилер – депутаттар Алтынбек Жунус уулу, Кенжебек Бокоев, Бактыбек Турусбеков, Элвира Сурабалдиева.

Демилгечилердин айтымында, туризм тармагы Ысык-Көл облусун өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. ошондон улам, акыркы жылдары жайкы туризм менен чектелбей, кышкы туризмди дагы кошо өнүктүрүү аракеттери жасалууда. Эгерды жайкы туристтик мезгил 3 ай менен чектелсе, кышкы туристтик мезгил 4 айга чейин созулат. Мисалы, деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан “Каракол” тоо лыжа базасы, “Жыргалан” өрөөнү кышкы туризм борборуна айланып калды десек болот.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, кышкы туристтик мезгилдин убагында, ички жана тышкы туристтерди кошкондо, Каракол шаарына 2017-жылы 24300 адам келсе, 2018-жылы алардын саны 20058 адамды түздү. Ал эми ушул эле жылдары кышкы туризмден түшкөн салыктардын көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 25 пайызга өскөн. Ушу тапта илимий көз карашка негизделген Ысык-Көл аймагында жерди райондоштуруунун башкы планы иштелип бүтүп калды.

Андан тышкары, жергиликтүү ишкерлер “Каракол” аэробекетин оӊдоо же Бөрү-Баш айылынын аймагына эл аралык стандарттагы жаӊы аэробекет куруу, аба каттамдарын ачып берүү өтүнүчү менен кайрылып жатканы белгилүү болду. Жергиликтүү тургундар жаӊы аэробекет үчүн жер тилкесин берүүгө каршы эмес.

Туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулунун айтымында, 2018-жылы Кыргызстанга жалпы жонунан 1 млн 400 миӊ турист келген. «Туристтердин саны негизинен Чек ара кызматынын маалыматына жараша аныкталат. Мисалы, туристтер өлкө аймагына келген жеке жактардын, ишкерлердин, иш сапарындагы адамдардын арасынан иргелип алынат», - деди ал.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева токтом долбоорун аткаруу иш-чараларынын азырынча так эсеп-кысабы жок экенин билдирди. Ал эми токтом долбоорун колдой турганын айткан депутат Төрөбай Зулпукаров дагы анын эсеп-кысабы жок экенин белгиледи. «Токтомдун алкагында аткарылчу иш-чаралардын эсеби жок болсо, аны Өкмөт 2019-жылдын 1-июнуна чейин кантип аткарат? Анын эсеп-кысабы такталганча бул токтомдун долбоорун жылдыра туруу керек», - деди ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттар тобу жергиликтүү бийлик органдары менен бирге Ысык-Көл аймагында кышкы туризмди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору тууралуу коомдук угуу өткөрүлгөн. Талкуу жыйынтыгында Ысык-Көлдө кышкы туризмди өткөрүү боюнча токтом даярдоо чечими кабыл алынган. Токтом аркылуу Өкмөткө кышкы туризмди өнүктүрүү жаатында чараларды көрүү тапшырмасы берилүүдө. Анын аткарылуу жүрүмү парламенттин көзөмөлүндө болот.

Пикир

Оставить комментарий