• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутаттар Ысык-Көлдүн жээгинен 300 метр аралыкта капиталдык курулушка тыюу салынуу сунушташууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.02.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Парламенттин бир катар депутаттары Ысык-Көлдүн жээгинен 100-300 метр аралыкта капиталдык курулуштарга тыюу салынуу сунушташууда. Учурдагы мыйзам боюнча жээктен 100 метрге чейин курулуш салууга уруксат берилген.

Мындан тышкары мыйзам долбооруна ылайык, буга чейин бул берене декларативдик мүнөзгө гана ээ болгондуктан, аны бузуу жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда.

Мыйзам долбоору Ысык-Көл көлүнүн экотутумун сактоо максатында демилгеленүүдө.

Парламенттин жыйынында депутат Тынчтыкбек Коношбаев (“Кыргызстан”) Ысык-Көлдүн жээгине курулушка тыюу салууну күчөтүү мыйзам долбоору менен экология маселесин чечүүгө болбостугун айтты.

Мындан тышкары ал бул инвесторлорду чочутарын белгиледи.

“Көлдүн жээгин карасаңар, ал жакта эмне гана жок. Эмнеге мындай болуп жатат? Анткени көл жээктеринде дааратканалар жок. Биз бул маселени башкача чечишибиш керек”, - деди ал.

Коношбаев тазалык курулуштарына шарт түзүү керек, көйгөй ошондо чечилет деп эсептейт.

Түзөтүүлөрдүн демилгечиси Максат Сабиров (“Республика – Ата-Журт”) Ысык-Көл – бул ыйык көл экенин белгиледи. Эгерде инвесторлор келишсе, жээкте ири отелдер, ресторандар курулуп баштап, өлкө көлдөн кол жууп калат. Мындан тышкары анын айтымында, СССРде чектөө 500 метрге чейин болчу. Азыр ал 100 метрге чейин кыскарды.

Өз кезегинде эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков (КСДП) жүз метр тууралуу мыйзам иштебей жатканын, анткени көлдө ар кыл пансионаттарда мончолорду куруп жатышканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий